25-октябрда «Тойбосс» компаниялар тобунун алдыңкы ишканаларынын жаңы объектилеринин — Балыкчыдагы «Кыргыз Бройлер» заводунун жана Кеминдеги «Агро Куш» канаттуулар комплексинин — салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чараларга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ысык-Көл облусунун губернаторунун биринчи орун басары Данияр Арпачиев, Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын өкүлү Эмил Такырбашев, ошондой эле мамлекеттик структуралардын жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Долбоор Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан демилгеленген азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылган.«Бүгүнкү күндө “Кыргыз Бройлер” ишканасы жылына 21 миллионго жакын инкубациялык жумуртка өндүрөт. Бул биз жылына 30 миң тоннага чейин канаттуулар этин чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз дегенди билдирет. Бул өлкө үчүн маанилүү кадам, анткени бул түздөн-түз азык-түлүк коопсуздугуна таасир этет. Биз Кыргызстанда жумуртка өндүрүү боюнча толук өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлине жеттик», — деп белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Ошол эле күнү Кеминде «Агро Куш» компаниясынын жаңы канаттуулар комплекси үчүн капсула салуу аземи да болуп өттү.Кеминдеги өндүрүштүк комплекс компаниянын учурдагы өндүрүш көлөмдөрүн кеңейтүүгө багытталган ири инвестициялык долбоор болуп саналат. Ал жаңы инкубаторийди, канаттууларды өстүрүү аянтчаларын, тоют өндүрүү заводун жана даяр продукция үчүн сактоочу кампаны камтыйт.Комплекс ишке берилгенден кийин, компаниялар тобу жылына 30 миң тоннадан ашык тоок этин өндүрөт — бул 20 миллионго жакын бройлерге тең. Комбикорм өндүрүшүнүн көлөмү жылына 28 миң тоннан 115 миң тоннага чейин көбөйөт.